Студенттерди жакшылык жасоого үндөгөн иш-чара уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

Студенттерди жакшылык жасоого үндөгөн иш-чара уюштурулду

Image

Бүгүн, 13-декабрда Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда Чыңгыз Айтматовдун 96 жылдыгына арналган "Жакшылыкты адам адамдан үйрөнөт" адабий-музыкалык кечеси өттү. Анда залкар жазуучунун көркөм чыгармалары боюнча сүрөт көргөзмө уюштурулуп, чыгармаларынан сахналык көрүнүштөр тартууланды.

Ал эми институттун студенттери “Саманчынын жолу”, “Ак кеме”, “Кызыл жоолук жалжалым”, “Жамиля”, “Биринчи мугалим” чыгармаларындагы каармандардын образын чагылдырып беришти.

Кечени институттун дүйнөлүк адабият кафедрасы уюштурган. Максаты - жазуучунун чыгармаларын терең түшүнүүгө жана студенттерди жакшылык жасоого чакыруу болуп саналат.  

 

Фото галерея