Бишкекте жашыл жана санарип университеттердин моделин калыптандыруу талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Бишкекте жашыл жана санарип университеттердин моделин калыптандыруу талкууланды

Image

13-декабрда Тышкы иштер министрлигине караштуу Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академияда өлкөдөгү жашыл жана санарип университеттердин моделин түзүү талкууланды. Тегерек стол ЭРАЗМУС+ (Green.kg.) эл аралык долбоорун ишке ашыруунун алкагында уюштурулган. 

Иш-чарага билим берүү системасына туруктуу жана санариптик чечимдерди киргизүү, билим берүү чөйрөсүн модернизациялоо менен алектенип жаткан он университеттин өкүлдөрү катышты. Алар өз ойлорун ортого салышты. Жыйынга долбоордун ОшМУдагы координатору Абдыганы Абдувалиев онлайн кошулду. Ал эми эл аралык тилдер борборунун директору Семетей Амиралиев офлайн катышып, университетте окуу процессин санариптештирүү, автоматташтыруу жана айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жаатында аткарылып жаткан иштер туурасында маалымат берди.  

Отурумда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу долбоорду колдой турганын айтып, жашыл жана санарип университеттердин моделин калыптандыруу климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу келип чыккан чакырыктарга жооп бериши зарылдыгын белгиледи.

Жолугушууда Кыргызстандын өзгөчөлүктөрүнө ылайык келе турган улуттук моделди иштеп чыгуу талкууланды. Катышуучулар аткарылган жумуштар боюнча презентация жасап, туруктуу жана санариптик технологияларды университеттердин инфраструктурасына жана билим берүүсүнө интеграциялоонун түрдүү жолдорун ортого салышты. Натыйжада долбоорго мүчө университеттерге аталган моделди киргизип, андан ары өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштар иштелип чыккан. Ошондоц эле негизги тыянактарды камтыган резолюцияга кол коюлду.

 

Фото галерея