ОшМУ “Мыкты окуу жай” сыйлыгын алды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ “Мыкты окуу жай” сыйлыгын алды

Image

 

Ош мэриясы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгы жана Улуттук адабият күнүнө карата 13-декабрда  Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык драма театрында иш-чара өткөрдү.

Анда Мамлекеттик тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мураталиев “Кыргыз таануу” окуу курсу жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди. Иш чарада ар бир окуу жай Кара-Кыргыз автоном облусунун тарыхын, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытын жана улуттук баалуулуктарды чагылдырган көргөзмө бурчун көрсөтүштү. ОшМУдан Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөевдин жетекчилиги менен изилдөөгө алынган 1920-1930-жылдардагы  бир нече инсандардын сүрөт көргөзмөсү коюлду.

Жыйынтыгында Ош мэриясы ОшМУга мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн  “Мыкты окуу жай” сыйлыгын ыйгарды.

Фото галерея