ОшМУда Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы белгиленди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы белгиленди

Image

17-декабрда Ош мамлекеттик университетинин базасында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата иш-чара болду. 

Ага окуу жайдын тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров, Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов, Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мээримбек Апышов, Чыгыш таануу институтунун студенттери, магистранттары жана профессордук-окутуучулук курам катышты.

Жыйын министрликтин тарыхы боюнча сүрөт көргөзмө менен башталды.  Ал эми Чыгыш таануу институтунун профессору Байболот Абытов жана бирини курстун студенти Сауле Сатыбалдыева ведомоствонун тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги боюнча баяндама жасашты.

Соңунда Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгү менен тыгыз байланышта болуп, иш-чараларды биргеликте өткөрүп келгендиги жана мыкты баяндамаларды жасагандыгы үчүн ОшМУнун ректору  Кудайберди Кожобековго, Чыгыш таануу институтунун директору Жолбошбек Бөтөнөевге,  институттун профессору Байболот Абытовго жана биринчи курстун студенти Сауле Сатыбалдыевага ыраазычылык каты тапшырылды.

Аталган жыйынды ОшМУнун Чыгыш таануу институту жана Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустардагы өкүлчүлүгү уюштурду.

 

Фото галерея