Спартакиадада жеңишке жеткен командалар аныкталууда

Башкы Жаңылыктар

Спартакиадада жеңишке жеткен командалар аныкталууда

Image

ОшМУда профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлердин арасында 32-спартакиада уланып жатат. Ага 40 жашка чейинки жана 40тан жогоркулар арасында түзүлгөн командалары катышууда. Катышуучулар спорттун сегиз түрү боюнча күч сынашууда. 

Учурда мелдештердин жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр аныкталууда.

40 жашка чейинки эркектер арасында стол тенниси боюнча STEM инновациялык колледжинин командасы биринчи орунду, Кыргыз-Кытай факультетинин командасы экинчи орунду, “Ыйман” гимназиясынын командасы үчүнчү орунду ээледи.

40 жаштан жогоркулар арасындагы стол теннисинен Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту биринчи орунду алды. Экономика, бизнес жана менеджмент институту экинчи орунду, Тарых жана юридика институту үчүнчү орунду багындырды.

Тогуз коргоол боюнча агайлар арасындагы мелдеште Медициналык колледжи биринчи орунду, Тарых жана юридика институту экинчи, STEM инновациялык колледжи үчүнчү орунду жеңип алышты.

Ал эми оюндун ушул эле түрүнөн эжекелер арасындагы мелдеште Математика, физика, техника  жана маалыматтык технологиялар институту биринчи, Медициналык колледжи экинчи, Индустриалдык-педагогикалык колледжи үчүнчү болушту.

Жалпы командалык жыйынтык боюнча Экономика, бизнес жана менеджмент институту биринчи орунда баратат. Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту экинчи, STEM инновациялык колледжи үчүнчү орунда турат.

Учурда оюндун башка түрлөрү боюнча мелдештер уланууда. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө ректорат жана кесиптик кошуун тарабынан кубок, медаль, акчалай сыйлыктар тапшырылат.

 






 

Фото галерея