ОшМУда кадрдык өзгөрүүлөр болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда кадрдык өзгөрүүлөр болду

Image

ОшМУнун академиялык иштер жана билим берүү саясатын өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу башкармалыгынын начальниги Жылдыз Артыкова башка жумушка которулгандыгына байланыштуу кадрдык өзгөртүүлөр орун алды.

Артыкованын ордуна аталган башкармалыктын академиялык иштер бөлүмүнүн башчысы Толкун Папиева дайындалды. Тиешелүү буйрукка 31-декабрда ректор Кудайберди Кожобеков кол койду. 

Толкун Папиева 1999-2013-жылдары ОшМУнун компьютердик технологиялар факультетинде окутуучу, улук окутуучу, 2016-2017- жылдары ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканынын илимий иштери жана сырткы байланыштары боюнча орун басары болгон. 

2017-2018 ОшМУнун гуманитардык педагогикалык колледжинин директорунун орун басары, 2018-2023-жылдары алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы кызматын аркалаган.