Профессордук-окутуучулук кызмат орундарына жарыяланган сынактан 100дөн ашык талапкер өттү

Башкы Жаңылыктар

Профессордук-окутуучулук кызмат орундарына жарыяланган сынактан 100дөн ашык талапкер өттү

Image

8-январда Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук кызмат орундарына жарыяланган сынактын биринчи баскычы жыйынтыкталды. Жалпы 195 талапкер катышып, анын 109у өттү

Биринчи этапта талапкерлер предметтик тест тапшырышты. Жыйынтыгында 109у жетимиштен жогору балл алган. Ал эми 70 баллдан төмөн топтогондор 73тү түздү. 

10-январда сынактын экинчи этабы болот. Анда катышуучулар педагогика, психология боюнча тесттен өтүшөт. Андан соң ийгиликтүү өткөн талапкерлердин сабак өтүү жөндөмдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлөт. Окутуу критерийлеринин талаптарына жооп бергендер жумушка кабыл алынат. 

ОшМУнун кадрлар резервине сынак 2019-жылдан бери өткөрүлүп келет. Андан өткөн талапкерлердин учурда 90%  жумуш менен камсыз болгон.

Фото галерея