Баткендик айымдар улуттук сувенирлерди жасоону өздөштүрдү

Башкы Жаңылыктар

Баткендик айымдар улуттук сувенирлерди жасоону өздөштүрдү

Image

Баткендин Лейлек районунун чебер айымдары жергиликтүү накта чийки заттан кол өнөрчүлүк буюмдарын жасоону өздөштүрүштү. Тренингди ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун окутуучулары Кимия Торогелдиева жана Элина Молдокулова өттү.  

Окутуу эки күн болду. Мында айымдар Кыргызстандын салттуу кол өнөрчүлүгүн заманбап жаңы стилдеги дизайн менен айкалыштырууну үйрөнүштү. Аны менен катар эле туристтер үчүн улуттук колориттеги сапаттуу буюмдарды жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алар Баткендин символу болгон Айгүл гүлүн пайдаланып сайма техникасында панно, сумка, жаздыка кооздоп, терме курактарды колдонуп ар түрдүү буюмдарды жасашты.

Бул тренинг Корея мамлекети менен кызматташтыкта ишке ашып жаткан атайын долбоордун алкагында уюштурулду. Максаты – Кыргызстандын кол өнөрчүлүк тармагын өнүктүрүү менен бирге өлкөнүн туристтик потенциалын арттырууга салым кошуу. 

 

Фото галерея