ОшМУда Аталар күнүнө арналган иш-чаралар башталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Аталар күнүнө арналган иш-чаралар башталды

Image

13-мартта ОшМУда “Кыргыз маданиятындагы атанын орду” аталышындагы илимий-практикалык семинар уюштурулду. 

Анда кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, адабиятчы, этнограф Абдымиталип Мурзакметов студенттерге үй-бүлөдөгү атанын орду, акыл-насааттары тууралуу кызыктуу баян куруп берди. Ал “Атасы жакшы айттырбайт”, “Атанын сөзү уулга эм”, “Ата балага сынчы”, “Атага көрсөткөнүңдү баладан аласың” деген сыяктуу макал-лакаптарды чечмелеп түшүндүрдү. Өзүнүн жашоосунда ата менен болгон мамилеси, уулдарын тарбиялоодогу тажрыйбасы менен бөлүштү.  

“Ата дайыма эле идеялдуу боло бербейт, ар кимдин тагдырында ар башка аталар болот. Аларды кандай болсо, ошондой кабыл алып, жакшысынан да, жаманынан да сабак алуу керек”, - деп белгиледи Мурзакметов.

Иш-чарада студенттер атасынан алган акыл-кеңештери тууралуу айтып, каалоо жолдошту.

“Бүгүнкү иш-чара аталардын акыл-насаатын балдарга жеткирүү, ата менен баланын ортосундагы алаканы жакшыртууга көмөк көрсөтүү максатын көздөйт. Алдыда бул багытта түрдүү билим берүү, маданий, коомдук, спорттук иш-чаралар да уюштурулат. Булар “Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын алкагында уюштурулууда”, -деди Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева.

Кыргызстанда 15-мартта – Аталар күнү белгиленет. Бул тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров 2024-жылы 25-июлда кол койгон. Мыйзам үй-бүлөнү чыңдоого жана атанын жоопкерчилигин жогорулатууга, коомдун өнүгүшүндө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган.

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү да белгиленип келет.  

 

Фото галерея