
Ош шаарында 11-марттан 14-мартка чейин ОшМУнун бокс боюнча ачык чемпионаты өттү. Спорттук иш чара Ош шаардык бокс жана оор атлетика мектебинде уюштурулуп, ага университеттин студенттеринен сырткары калаадагы жогорку окуу жайлардын мушкерлери да катышты.
Чемпионатта 13 салмак категория боюнча 98 катышуучу күч сынашты. Мелдештин алкагында ОшМУнун эки студентине буга чейин берилген “Кыргызстандын спорт чебери” наамы официалдуу ыйгарылды. Сыйлыкты ректор Кудайберди Кожобеков тапшырды.
“Париж олимпиадасында ОшМУнун бүтүрүүчүсү Мунарбек Сейитбек уулунун жетишкендиги көптөгөн жаштарга дем бергендигин байкоого болот. Ачык чемпионатка да жылдагыдан көп катышуучу жигердүүлүк менен катышып жатканын көрдүк. Биз окуу жай тарабынан спорттун бардык түрү боюнча колдоолорду көрсөтүп келе жатабыз. Бул ирет да ачык чемпионатка демөөрчүлүк кылдык”, -дейт ректор.
Жеңүүчүлөргө акчалай, сыйлыктар, диплом, белектер тапшырылды.