
Бүгүн, 17-мартта ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков “Enactus Кыргызстан” уюмунун директорлор кеңешинин төрагасы жана BNC Finance компаниясынын директору Арсланбек Кененбаев менен кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол койду.
Кол коюу аземи уюмдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен болгон жолугушууда орун алды. Ага Bellagio компаниялар группасынын негиздөөчүсү Айбек Жангазиев, “Electro Complex” ЖЧКсынын генералдык директору Савит Конушбаев да катышты. Кудайберди Кожобеков ОшМУ тууралуу маалымат берип, учурда окуу жай студенттерди биринчи курстан тартып ишкердикке багыттап окутуп жатканын белгиледи. Ошондой эле университетте “Бизнес парк” иштеп, анда студенттер ишкердик боюнча окутуулардан өтүп, бизнес идеяларын ишке ашырып жатканын, 15 млн сомдон ашуун инвестиция тартылганын кошумчалады.
Ал эми Арсланбек Кененбаев “Enactus Кыргызстан” уюму айрыкча аймактардагы студенттерге өз айылына социалдык бизнес ачып, элдин жашоосун жеңилдеткенге мүмкүнчүлүк берип жатканын айтты.
“Кыргызстандагы “Enactus” командаларынын ичинен ОшМУнун командасы титулдуу командалардын бири болуп саналат. Алардан ийгиликтүү бизнес жасап келе жаткан ишкерлер чыгып, өлкөнүн экономикасына салым кошууда. Бүгүнкү иш-чаралардын алкагында Оштогу ишкерлер менен жолугушуп, бизнес идеяларга бизнес насаатчы, бизнес ментор болууга чакырабыз. Биз 500гө жакын бизнес ментор издеп жатабыз. 31-майда, 1-июнь күндөрү сиздердин колдоо менен Кыргызстандын улуттук чемпионатын Ошто, ОшМУда өткөрүү пландаштырып жатабыз”, -деди Кененбаев.
“Enactus Кыргызстандын” директорлор кеңешинин мүчөлөрү ОшМУга болгон иш сапардын алкагында ОшМУда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жайгашкан ЖОЖдордун Enactus командаларынын мүчөлөрү үчүн конок лекцияларды өтүшөт. Мындан сырткары окуу жайдын ДАТА борбору, “Ак-Буура” кампусу, “Келечек муундун ХАБы” борборлору менен таанышып, Ош шаарындагы ишкерлерге бизнес-ифтар уюштурат жана жолугушууларды өткөрөт.
Enactus - бул глобалдуу уюм, ал жаш лидерлер менен алдыңкы бизнесмендерди бириктирет. Азыр бул программага 35 мамлекеттин жогорку окуу жайлары кирет. Кыргызстанда бул уюм 1995-жылдан тарта иштеп келет.
ОшМУнун ENACTUS командасы Борбор Азиянын чемпиону, эки жолу Кыргызстандын Улуттук чемпиону, 7 жолу вице-чемпиону болгон.
Команда дүйнөлүк кубокто Кытайдын Пекин шаарында жана Канаданын Торонто шаарында Кыргызстандын намысын коргогон.