Ширин Костюк студенттерге конок лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Ширин Костюк студенттерге конок лекция окуду

Image

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк бүгүн, 11-апрелде ОшМУда конок лекция окуду. 

Ал журналистика адистигинин студенттерине «Коомдук аң-сезимди калыптандыруудагы ТВнын ролу» аталышындагы конок лекция окуп, өзүнүн журналистика тармагындагы тажрыйбасы, заманбап медиа чөйрөдөгү өзгөрүүлөр жана ММКнын коомго тийгизген таасири тууралуу ой бөлүштү. Технологиялык жактан өнүккөн доордо аталган адистиктин нравалык, моралдык аспектилерине токтолуп, коомдук аң-сезимди калыптандыруудагы журналисттердин ролун жана жеке жоопкерчилигин белгиледи.

Студенттер кызыктырган суроолоруна жооп алышты.  

3-апрелде Ширин Костюк Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев баштаган делегациянын курамында ОшМУда болуп, кызматташуу келишимин жаңылоо иш-чарасына катышкан.

 

 

Фото галерея