Кыргызстандагы илимдин кандидаттарынын жана докторлорунун жалпы санынын 10%дан ашыгы ОшМУда эмгектенишет. Бул тууралуу билет белеңиз? Аны сандар менен айтып беребиз.
Ош мамлекеттик университети илимий даражалуу окутуучулардын саны боюнча өлкөнүн алдыңкы окуу жайларынын катарында турат. 2025-жылы беш доктордук жана 39 кандидаттык (PhD) диссертация корголду. Муну менен илимдин кандитаттарынын (+PhD) жана докторлордун саны 600гө жетти.
Быйыл 378 илимпоздун макаласы Скопус базасында индекстелген илимий басылмаларга жарыяланды. 2021-жылдан 2025-жылга чейин алты эсеге өсүп, учурда 931 макалага жетти.
ОшМУнун окумуштуулары Кыргызстанда илимий макалалардын саны боюнча 3-орунда турат. Алардын эмгектери дүйнөлүк алдыңкы абройлуу Q1, Q2, Q3 басылмаларында жарык көргөн. “Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы” журналынын импакт-фактору өсүп, илимий жетишкендиктер дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлүүдө.
Университет илимий изилдөөлөрдү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багыттап, акыркы беш жылда ички гранттарга 51 млн сомдук долбоорлор ишке ашырылды.
2025–2026-окуу жылында университеттик деңгээлде – 30, улуттук – 3, эл аралык – 8 инновациялык долбоор ишке ашты. ОшМУ 4.0 моделине ылайык өндүрүш жана илимий долбоорлорду интеграциялап, сегиз келишим түздү.
![]()
ОшМУ – илим жана изденүүнүн борбору!