Бүгүн, 13-январда Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) профессордук-окутуучулук кызматтарды ээлөө үчүн ички кадрлар резервине кабыл алуу боюнча жарыяланган сынактын биринчи этабы өттү.
Бул этапта 94 талапкер предметтик сынак тапшырып, кесиптик билими жана предметтик даярдыгы боюнча суроолорго жооп беришти. Сынак университеттин кадрдык резервин күчөтүүгө, келечектеги окутуучуларды иргеп алууга, билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган.
Жыйынтыгында 70 баллдан жогору көрсөткүч алган 45 талапкер экинчи этапка өттү. Ал эми 70 баллдан төмөн алган талапкерлердин саны 38ди түздү. Мындан тышкары 11 талапкер белгиленген убакытта келбей калды.
Педагогика-психология боюнча экинчи этаптагы сынак 16-январда болот.