Ош мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулук кызмат орундарын ээлөө үчүн ички кадрлар резервине кабыл алуу сынагынын экинчи этабы өттү.
17-январда өткөн педагогика жана психология предметтери боюнча тестке жалпы 68 талапкер катышты.
Жыйынтыгында 70 баллдан жогору жыйнаган талапкерлердин саны 49 болду. Ал эми 18и белгиленген босого чектен өтө алган жок.
Эми тесттен өткөн 49 талапкердин сабак берүүгө болгон жөндөмдүүлүгү боюнча мониторинг жүргүзүлөт. Анын негизинде окутуу критерийлерине жооп бергендер университетте жумушка кабыл алынышы мүмкүн.
ОшМУда кадрлар резервине кабыл алуу сынагы 2019-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Азыркы күндө резервден өткөн мугалимдердин 90%ы жумуш менен камсыз болгон.