Башкыр мамлекеттик медициналык университети менен кош дипломдуу билим берүү каралууда

Башкы Жаңылыктар

Башкыр мамлекеттик медициналык университети менен кош дипломдуу билим берүү каралууда

Image

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) жана Башкортостандагы Башкыр мамлекеттик медициналык университети (БММУ) дарылоо иши, педиатрия, стоматология, фармация, коомдук саламаттык сактоо багыттары боюнча кош дипломдуу билим берүү программасын иштеп чыгууну пландоодо. 

Бул тууралуу 20-январда аталган окуу жайдын Фармацевтикалык факультетинин деканы Наталья Кудашкина баштаган делегациянын ОшМУга болгон сапарында айтылды. Делегация ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолукту. Анда илим-билим багытында кызматташуу, окутуучу, студенттердин алмашуу программасын кеңейтүү, ошондой эле БММУнун ОшМУда филиалын ачуу талкууланды.

Делегация окуу жайда үч күн болот. Алар университеттин медициналык базасы менен таанышып, кош диплом программасын ишке киргизүү  жумушчу топ менен иш алып барат. 

Башкыр мамлекеттик медициналык университети – Орусиядагы эң ири  медициналык билим берүү борборлорунун бири. Окуу жай эл аралык кызматташтыкка басым жасап, чет өлкөлөрдөн студенттерди кабыл алат жана ири илимий долбоорлорго катышып келет.

Эки окуу жай ортосундагы кызматташтык 2025-жылы Бишкекте өткөн  кыргыз-орус билим берүү форумунда түзүлгөн келишимдин алкагында уланууда. 

 

Фото галерея