ОшМУ менен Бизнес жана илим университети кызматташууну бекемдейт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен Бизнес жана илим университети кызматташууну бекемдейт

Image

29-январда Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) Өзбекстандагы Бизнес жана илим университетинин (University of Business and Science) делегациясы келди. 

Аларды окуу иштери боюнча проректор Хамидулло Мирзаахмедов жетектеди. Делегациянын курамында аталган университеттин илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Дилшод Холматов, финансы-экономикалык иштер боюнча проректору Бахтинур Бадиев, Байкоо кеңештин төрагасынын орун басары Зуфар Хуррамов, ректордун кеңешчиси Шохрух Мамадалиев, окуу жайдын медициналык клиникасынын директору Эркинжон Матхоликов, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жасур Исроилов, Медицина факультеттин деканынын орун басары Олимжон Собировдор бар.

Жолугушууда эки тарап университеттин негизги багыттары, жетишкендиктери жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикирлешти. Кызматташтыкты өнүктүрүү, академиялык мобилдүүлүк, медициналык билим берүү, инновациялык долбоорлор боюнча келечектеги пландар талкууланды.

Делегация ОшМУнун Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту, Data-борбору, «Next Generation Hub» борбору, Медициналык борбору жана эл аралык факультеттер менен таанышып, санариптештирүү, инновациялык стартаптар жана IT, медицина багытындагы долбоорлор тууралуу маалымат алышат.

Эске салсак: ОшМУ менен Наманган бизнес жана илим университетинин ортосунда 2024-жылы кызматташуу меморандумуна кол коюлган.  

Наманган бизнес жана илим университети 2022-жылы ачылган жана учурда 35 миңден ашуун студенти бар. Окуу жай бакалавриат даражасы боюнча 40, магистратура даражасы боюнча 16 багыт боюнча билим берүүдө.

 

 

 

Фото галерея