Наманган бизнес жана илим университети ОшМУ менен кызматташууга кызыкдар

Башкы Жаңылыктар

Наманган бизнес жана илим университети ОшМУ менен кызматташууга кызыкдар

Image

Наманган бизнес жана илим университетинин ректору Каримжон Боймирзайев баштаган  Кокон мамлекеттик педагогикалык университети жана Наманган мамлекеттик университетинен келген делегация  ОшМУда болуп, ректор Кудайберди Кожобеков менен жолукту.
Анда Наманган бизнес жана илим университетинин ректору Каримжон Боймирзайев Кудайберди Кожобековго жылуу кабыл алып, кызматташуу сунушун колдогонуна ыраазычылык билдирди. 
Жолугушууда ОшМУ менен Наманган бизнес жана илим университетинин ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду. 
Меморандумда биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган. 
Наманган бизнес жана илим университети  2022-жылы ачылган. Учурда 12 миңден ашуун студент  бакалавриат даражасы боюнча 15 багыт жана  магистратура даражасы  боюнча 3 багыт боюнча билим алат.

Фото галерея