Бир кезде апасынын оорусу кесип тандоосуна себеп болгон Айпери Асанбек кызы бүгүн Жапонияда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, миңдеген адамдардын саламаттыгына таасир эте турган долбоорлорду ишке ашырууда. Ал 3 нефрология багытындагы дарыгер, ОшМУнун бүтүрүүчүсү.
Бул маекте биз Айперинин балалык кыялдарынан тартып, медицина тармагын тандоосуна, илимий жашоонун өзгөчөлүктөрүнө, ОшМУ менен чет өлкөлүк университеттердин ортосундагы ири долбоорлорго, ошондой эле илим жолундагы адамдык жана кесиптик принциптерине токтолдук.
Нефрология — бул бөйрөктүн иштешин, анын ооруларын аныктап жана дарылоону изилдеген медицина тармагы. Бул багыттагы дарыгерлер бөйрөк жетишсиздиги, сезгенүү оорулары, кан басым менен байланышкан көйгөйлөр жана гемодиализге муктаж бейтаптар менен иштешет.
![]()
— Айпери, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Кайсы жердин кызысыз, билим жолуңуз кайсы окуу жайдан башталган?
— Мен Ош облусунун Кара-Суу шаарында төрөлүп-өскөм. №66 Ленин атындагы орто мектепти аяктагам. 2012-жылы Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетин бүтүрдүм. Билим жолум жана кесипке болгон алгачкы кадамдарым дал ушул окуу жайдан башталган.
— Медицина тармагын, анын ичинде нефрология багытын тандап алууңузга эмне себеп болду?
— Кичинекей кезимден медицина тармагына кызыгып чоңойгом. Ал эми нефрологияны тандап калуумда апамдын ооруп калганы чоң түрткү болду. Ошол учур менин кесиптик багытымды аныктап берди.
— Балалыктагы Айперинин кыялдары кандай эле? Бүгүн ошол кыялдардын канчасы ишке ашты деп ойлойсуз?
— Балалыгымда илимпоз болуп, Нобель сыйлыгына татыктуу болсом деп кыялданчумун. Бүгүн илим жолунда жүргөнүм ошол кыялдын маанилүү бөлүгү ишке ашты деп эсептейм. Нобель сыйлыгына өзүм жетпесем да, келечекте жердештериме илимий жол ачып, мүмкүнчүлүк түзүп бере алсам, бул мен үчүн чоң жетишкендик болот.
![]()
—Гемодиализ борборлорунда 7–8 жыл иштеп, кийин Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары болуп эмгектендиңиз. Бул мезгилдеги тажрыйбаңыз тууралуу айтып берсеңиз.
— 2013-жылы Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын гемодиализ бөлүмүндө иштей баштагам. Бул оорукана түштүк регионундагы эң ири медициналык мекемелердин бири болгондуктан, ал жактагы практика менин кесиптик жана жеке өнүгүүмө чоң салым кошту. Пациенттер менен иштөө, командалык жоопкерчилик жана клиникалык тажрыйба жагынан бул мезгил чыныгы мектеп болду. Ал эми жетекчилик кызматтагы тажрыйба медицинаны уюштуруу жана коомдук саламаттык сактоо багытында тереңирээк ой жүгүртүүгө түрткү берди.
— Азыркы учурда Токио илим институтунда PhD аспирантурасында окуп жатасыз. Жапонияда илимий чөйрөдө билим алуунун өзгөчөлүгү эмнеде?
— Бул жакта илимий чөйрөдө өз алдынча иштөө талаптары өтө жогору, атаандаштык да күчтүү. Ар жума сайын аткарылган иштер боюнча команда алдында отчет берип, так жыйынтык көрсөтүү зарыл. Эгер жыйынтык жетишсиз болсо, жоопкерчиликти өзүң сезип, кайрадан аракеттенүүгө туура келет. Мындай тартип күн сайын алдыга умтулууга шарт түзөт.
![]()
— Бөйрөк оорулары боюнча жүргүзүп жаткан илимий ишиңиздин негизги багыттары кайсылар?
— Тилекке каршы, Кыргызстанда бөйрөк ооруларынын көбөйүшүнүн себептери жана регионалдык өзгөчөлүктөрү жетиштүү деңгээлде изилдене элек. Гемодиализге муктаж бейтаптардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Ошондуктан бөйрөк ооруларына алып келген факторлорду аныктап, алардын алдын алууга багытталган илимий сунуштарды иштеп чыгуу менин негизги максатым.
— PhD ишиңиздин экинчи багыты болгон ОшМУ менен Жапониянын университеттеринин ортосундагы аба булганышы боюнча долбоор кантип башталган?
— 2022-жылы аталган өлкөдө магистратурада окуп жүргөн кезимде ОшМУ менен жапон университеттеринин ортосунда биргелешкен илимий долбоор түзүү идеясы пайда болгон. Изилдеп жатып, климат жана айлана-чөйрө багытындагы SATREPS программасын таптык. Бул – жапон өкмөтү колдогон эң ири эл аралык гранттык программалардын бири. Долбоордун концепциясын өнөктөштөр менен эки жыл бою даярдап, бир нече жолугушууларды өткөрүп, делегациялардын өз ара сапарларынан (анын ичинде Жапониядан делегациялар Кыргызстанга келип, ОшМУ делегациясы Жапонияга барып) кийин гана расмий бекитүүгө жетиштик.
![]()
— Бул беш жылдык долбоордун Кыргызстан, анын ичинде ОшМУ үчүн мааниси кандай болот?
—Бул долбоор Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү. Анткени акыркы жылдары аба булгануусу ден соолукка терс таасирин тийгизип жатат. Бул маселе өзгөчө түштүк аймагында курч болуп турат. Анткени мындай масштабдагы изилдөө алгачкы жолу жүргүзүлүүдө. ОшМУда аба булганышын өлчөй турган референс станция орнотулуп, абадагы бөлүкчөлөрдү (чаң/аэрозолдорду) талдоо боюнча лабораториялык мүмкүнчүлүктөр өнүгөт деп күтүлүүдө. Бул жаңылыктар университеттин жабдуулук базасын күчөтүп, жаш изилдөөчүлөрдүн потенциалын да жогорулатат.
— Жапон адистери менен ийгиликтүү иш алып баруунун сыры эмнеде?
— Мүмкүн болушунча ачык-айкын, так жана ишенимдүү болууга аракет кылам. Берилген тапшырмаларды мөөнөтүндө аткарып, алдын ала даярдап коюу иштөөнү жеңилдетет. Натыйжада ишеним бекемделет, кызматташтык да сапаттуу жүрөт. Сыры ушул эле.
![]()
— Айкалыштыруучу окутуучу катары ОшМУда эмгектенип келесиз. Ошондой эле «Жылдын мыкты окутуучусу» сыйлыгына ээ болгонсуз. Окутуучу катары карманган башкы принциптериңиз кайсылар?
— Ар бир студентке сый-урмат менен мамиле кылуу жана билимди түшүнүктүү, практикага жакын формада берүү. Студенттин мүмкүнчүлүгүн ачып, кызыгуусун күчөтүп, өз алдынча ой жүгүртүүгө үйрөтүү да маанилүү деп эсептейм.
— Жаш илимпоздорго кандай кеңеш берет элеңиз?
— Англис тилин терең өздөштүрүү керек. Бизде идеясы күчтүү илимпоздор көп. Бирок тил тоскоолдугу эл аралык долбоорлорго жана жогорку рейтингдеги журналдарга чыгууга кедерги болуп жатат.
![]()
— Бош убактыңызда эмнелерге кызыгасыз? Сизди руханий жактан эмне шыктандырат?
— Бош убактымда китеп окуганды жакшы көрөм. Азыр Даниель Канемандын «Thinking, Fast and Slow» аттуу китебин окуп жатам. Ошондой эле Кыргызстандын тарыхына кызыгам. Учурда «История сибирских кыргызов» деген китепти да окуп баштадым.
— Үй-бүлөңүз бул жолдо кандай колдоо көрсөтөт?
— Үй-бүлөм мени толук колдойт. Моралдык жактан да, күнүмдүк турмушта да ар дайым жардамын берип турушат.
— Алдыдагы пландарыңыз тууралуу айтып берсеңиз.
— Негизги максатым – PhD диссертациямды ийгиликтүү жактоо. Ошондой эле эл аралык гранттарды Кыргызстанга тартууга, жаңы илимий долбоорлорду өнүктүрүүгө аракет кылам. Илим аркылуу өлкөгө пайда алып келүү – менин узак мөөнөттүү максатым.
![]()
Маектешкен Зинагул Нуралиева