6–9-февралда Ош мамлекеттик университетинде “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу идеологиялык доктринасы боюнча лекция уюштурулду. Иш-чарага Педагогика, искусство жана журналистика институтунун искусство жана журналистика бөлүмүнүн окутуучулары, студенттери катышты.
Лекцияны окуу жайдын Философия кафедрасынын башчысы Кубанычбек Исаков өттү. Ал доктринанын негизги багыттарына токтолуп, анын улуттук баалуулуктарды сактоодогу, коомдук аң-сезимди өнүктүрүүдөгү жана өлкөнүн руханий өнүгүүсүндөгү маанисин түшүндүрдү.
Ошондой эле лектор бул концепциянын негизинде 2025-жылы жарык көргөн “Современный Кыргызстан: морально-этические проблемы” жана “Идеология: түшүнүктөн логоско чейин” аттуу китептери тууралуу маалымат берди. Алардын мазмуну жана актуалдуулугу боюнча ой бөлүштү.