ОшМУда дуалдык окутууну өнүктүрүү талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда дуалдык окутууну өнүктүрүү талкууланды

Image

12-февралда Ош мамлекеттик университетинде «Дуалдык окуу» темасында тегерек стол уюштурулду. 

Жыйынга профессордук-окутуучулук курам, студенттер, магистранттар жана айыл чарба тармагындагы адистер катышты. Анда агроном адистигинин жаңы билим берүү стандарттары, окуу пландары талкууланып, билимди өндүрүш менен айкалыштыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар дуалдык окутууну натыйжалуу ишке ашыруунун жолдорун сунуштап, студенттерди реалдуу өндүрүш процесстерине тартуунун маанилүүлүгүн  белгилешти. Ошондой эле «КВС» кооперативинин (Кыргыз жашылча үрөндөрү кооперативи) өкүлү Жыргалбек Мусаев жана Түштүк аймактык топурак агрохимиялык станциясынын жетекчиси Нурсултан Абдикарим уулу студенттерге практикалык иши үчүн эмгек акы төлөө мүмкүнчүлүгү бар экенин маалымдашты. 

Мусаевдин белгилешинче, гибриддештирүү технологиясын өздөштүргөн студент кооперативдин чарбасында бир күндө 1200 сомго чейин киреше таба алат. Бул ыкма жаштарга  теориялык билимди практика менен айкалыштырууга, кесиптик тажрыйба топтоого, кошумча киреше табууга шарт түзөт.

Жыйынтыгында тараптар университет менен өндүрүш мекемелеринин кызматташуусун кеңейтүү, өндүрүштүк практикаларды сапаттуу уюштуруу жана айыл чарба адистеринин заманбап компетенцияларын калыптандыруу боюнча биргелешкен ишти улантуу чечимине келишти.

Тегерек стол Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасында өттү.

 

Фото галерея