ОшМУга Наманган мамлекеттик чет тилдер институтунан филологиялык билим берүү багыты боюнча 14 студент жана бир англис тили окутуучусу он күндүк академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында келди.
Алар 10–20-февраль күндөрү университетте болуп, окуу сабактарына катышат. Студенттер жана окутуучулар менен тажрыйба алмашат. Мындан тышкары окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, окуу корпустары жана билим берүү процесси менен таанышат.
Сапардын негизги максаты – эки жогорку окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, эл аралык академиялык байланыштарды өнүктүрүү жана студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.