Ош мамлекеттик университетинин Бизнес Паркынын командасы Бишкекте өткөн Digital4Climate.KG улуттук хакатонунун финалында биринчи орунду багындырып, 7000 долларлык баш байгеге ээ болду.
Финал 10-февралда Технопаркта Кыргызстандын климаттык күн тартибин жана 2026–2035-жылдарга карата климаттык саясатты аныктаган ОНУВ 3.0 документин ишке ашыруунун алкагында өттү.
Хакатон ПРООНдун демилгеси менен уюштурулуп, мамлекеттик органдарды, бизнес өкүлдөрүн, билим берүү мекемелерин, эл аралык өнөктөштөрдү бириктирди. Өлкө боюнча түшкөн 128 арыздын ичинен 22 мыкты команда финалга чыккан.
ОшМУнун командасы «Акылдуу теплица» аттуу инновациялык долбоорун ийгиликтүү коргоп, жеңишке жетти. Долбоор күнөскананын микроклиматын автоматташтырылган көзөмөлдөө жана башкаруу аркылуу айыл чарбасын санариптештирүүгө, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого багытталган. Бул чечим түшүмдүүлүктү жогорулатууга, суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланууга жана климаттык тобокелчиликтерди азайтууга мүмкүндүк берет.
Команданын курамында:
Бул жеңиш Ош мамлекеттик университетинде инновациялык ой жүгүртүү, санариптик көндүмдөр жана практикага багытталган билим берүү жогорку деңгээлде экенин дагы бир жолу тастыктады.