Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн “SheSCIENCE 2026” эл аралык илимий форумуна катышты.
Анда аялдардын илим, технология жана инновация тармагындагы ордун бекемдөө, аймактык илимий кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Катышуучулар мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүп, илимдеги аялдардын лидерлигин колдоо үчүн академиялык чөйрө, мамлекеттик мекемелер, эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен аракетин күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
«SheSCIENCE» – илим тармагында эмгектенген айымдарды, жаш изилдөөчүлөрдү жана эксперттерди бириктирген, тажрыйба алмашууга, региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык аянтча. Бул жолку форумда илимий инновацияларды интеграциялоо жана туруктуу өнүгүүгө аялдардын кошкон салымы тууралуу маселелер каралды.
Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы тарабынан белгиленген Илимдеги аялдар жана кыздардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү.
Иш-чара 11–12-февраль күндөрү уюштурулду.