Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунда студенттердин ата-энелери менен «Уңгу жол тарбиядан башталат» аталышындагы жыйын өткөрүлдү.
Анда студенттердин окуудагы жетишкендиктери, тартиби, коомдук жана чыгармачылык активдүүлүгү тууралуу маалымат берилип, тарбиянын башаты үй-бүлөдөн башталаары өзгөчө белгиленди. Ошондой эле жаш муундун инсан катары калыптанышында ата-эненин ролу, руханий баалуулуктарды сактоо, жоопкерчиликтүү жаранды тарбиялоо маселелери кеңири талкууланды.
Жолугушууда ата-энелер өз сунуштарын айтып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Иш-чара жаштардын тарбиясы, адеп-ахлактык баалуулуктары, коомдогу орду тууралуу пикир алышуу, ошондой эле ата-эне менен жогорку окуу жайдын өз ара кызматташуусун чыңдоо максатында уюштурулду.