Ош мамлекеттик университетинин базасында түзүлгөн Абанын булганышын изилдөө боюнча мекемелер аралык илимий борбор 2026-жылга Кыргызстандын Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин абанын сапаты боюнча жумушчу тобунун теңтөрагасы болуп шайланды.
Борбор бул милдетти Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) айлана-чөйрө программасы менен биргеликте аткарат.
Аталган кеңеш өлкөдөгү эл аралык уюмдар, мамлекеттик мекемелер жана жарандык коомдун ортосундагы кызматташууну чыңдоочу улуттук аянтча. Анын курамындагы абанын сапаты боюнча жумушчу топ абанын булганышын азайтуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана калктын саламаттыгын сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди координациялайт.
Жумушчу топко абанын сапаты жана климат маселелери боюнча иш алып барган бир катар эл аралык жана улуттук уюмдар мүчө. Алардын катарында Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Дүйнөлүк банк, ЮНИСЕФ, Германиянын эл аралык кызматташтык агенттиги, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги, Эл аралык миграция уюму жана башка өнөктөштөр бар.
Теңтөрага катары ОшМУнун борбору 2026-жылы абанын сапатын жакшыртуу боюнча иштерди координациялоого, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын мамлекеттик чечим кабыл алуу процесси менен байланыштырып, далилдүү маалыматтарга негизделген саясатты колдоого басым жасайт. Ошондой эле жаш изилдөөчүлөрдү, студенттерди экологиялык илимий иштерге тартуу жана эл аралык тажрыйбаны жайылтуу багытында иш алып барат.
Жумушчу топ менен байланыш иштерин уюштуруу боюнча борбордун жооптуу өкүлү болуп медицина илимдеринин доктору Айпери Асанбек кызы дайындалды. Ал Токио илимдер институтунда докторлук диссертациясын даярдап жатат.
Эске салалы: 2025-жылы ОшМУнун базасында абанын булганышын изилдеген мекемелер аралык IRCAPS илимий борбору ачылган.