Ош шаарында билим берүү маселелерине арналган жылдык методикалык семинар өттү.
Анда ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун окутуучулары Диларам Мадаминова менен Гуляндон Балтабаева өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү.
Мадаминова дуалдык окутуу программасын окуу процессине киргизүү, жогорку окуу жайлар менен мектептердин өз ара кызматташуусунун келечеги тууралуу сөз кылды. Ошондой эле мектептерде 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн өзгөчөлүктөрү жана анын ЖОЖдордун билим берүү стандарттарына шайкештиги боюнча маалымат берди.
Семинарга шаардагы 70 мектептин директорлору жана өкүлдөрү, шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги жана бөлүм башчылары катышты.
Жыйын дуалдык окутууну натыйжалуу ишке ашыруу, стажёр-мугалимдердин сабак өтүү сапатын жогорулатуу жана жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталды.