13-февралда Ош шаарындагы Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун окутуучусу, доцент Мухтар Ысмайыловдун «Мекен ыргактары политрада» аттуу жеке сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Саамалыкка Ош облусунун, мэриянын өкүлдөрү, сүрөтчүлөр, университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты. Иш-чарада сүрөтчүнүн көп жылдык эмгеги бааланып, ага «ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери» төш белгиси, ыраазычылык баракчалар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Көргөзмөгө живопись жанрындагы 80ден ашуун чыгарма коюлган. Алардын басымдуу бөлүгү пленэрде, табият койнунда тартылып, Кыргызстандын кооз аймактары, улуттук колорит, адам менен жаратылыштын айкалышы чагылдырылган. Автордун эмгектери кыргыз сүрөт өнөрүнүн баалуулуктарын толуктаган чыгармалар катары бааланат.
Көргөзмө февраль айынын аягына чейин уланат.
Мухтар Ысмайылов – сүрөтчү, педагог, окумуштуу, педагогика илимдеринин кандидаты, Билим берүүнүн отличниги. Ал 2019-жылдан бери Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү жана 45 жылдан ашуун убакыттан бери жаш муундарга билим берип келет.