Регби боюнча машыктыруучулар жана оюнчулар үчүн семинар өттү

Башкы Жаңылыктар

Регби боюнча машыктыруучулар жана оюнчулар үчүн семинар өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинде регби спорту боюнча эки күндүк окуу-семинар уюштурулду.  

Ага Азия регби федерациясынын өкүлү, Өзбекстандын регби боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Егор Лебедь келип, машыктыруучуларга жана оюнчуларга сабак өттү. 

Окутуу 12-13-февраль күндөрү өтүп, анда теориялык, практикалык көнүгүүлөр көрсөтүлдү. Катышуучулар машыктыруунун негизги ыкмалары, оюнчулардын физикалык жанатехникалык даярдыгын жакшыртуу, коопсуздук эрежелерин сактоо жана заманбап усулдарды колдонуу боюнча кеңири маалымат алышты.

Семинардын соңунда тест өткөрүлүп, ийгиликтүү тапшыргандарга сертификаттар тапшырылды. Ош шаардык регби федерациясынын  президенти Жолдошбек Бөтөнөев  Егор Лебедге ыраазычылык билдирди. Регбини мындан ары да өнүктүрүү боюнча кызматташуу уланарын белгиледи.

Аталган иш-чара факультеттер аралык  №1 кафедрасынын окутуучусу, ОшМУнун регби боюнча башкы машыктыруучу  Шумкарбек Окен уулу тарабынан демилгеленди. 

Фото галерея