ОшМУнун илимий долбоорлору Баткенде талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун илимий долбоорлору Баткенде талкууланды

Image

Окуу жайдын ички гранттарынын эсебинен каржыланып жаткан «Инновациялык питомник» жана «Азык-түлүк коопсуздугу» долбоорлору Баткен облусунун Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда жолугушууларды өткөрдү.

Жыйындарга райондук администрациялардын агрардык өнүктүрүү башкармалыктары, суу чарба кызматкерлери, айыл өкмөттөрдүн жер адистери жана жергиликтүү бийликтин  өкүлдөрү катышты. Жолугушуулар коллаборациялык изилдөөлөрдүн алкагында өтүп, аймактагы мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип пайдалануу маселелери талкууланды.

«Азык-түлүк коопсуздугу» долбоорунун аткаруучулары Элмурат Обдунов жана Асатилла Койчиев заманбап агроландшафттарды түзүүнүн зарылдыгын, экспортко багытталган таза экологиялык продукция өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн мааниси боюнча айтышты.

Ал эми «Инновациялык питомник» долбоорунун жетекчиси Абдижапар Аккулов климаттын өзгөрүү шартында тоо экосистемаларындагы өзгөрүүлөрдү изилдөө, бийиктик зоналдуулугуна ылайык тоо питомниктерин көбөйтүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү. 

Ошондой эле инновациялык агротехнологияларды колдонуу аркылуу жерди натыйжалуу иштетүү жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Аталган эки долбоор 2025-жылы башталып, 2027-жылга чейин уланат.

 

Фото галерея