Архив кызматынын 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Башкы Жаңылыктар

Архив кызматынын 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Image

25-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын Архив кызматынын 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков сөз сүйлөп, аталган  кызматты 100 жылдык мааракеси менен куттуктады жана архивдердин тарыхый мурастарды сактоодогу маанисине токтолду.

Ошондой эле ректор Ош аймагынын тарыхын сактоодо бул тармактагы кызматкерлердин эмгеги өзгөчө экенин белгиледи. Бир катар мыкты кызматкерлерге ОшМУнун Ардак грамотасын тапшырды.

«Бүгүнкү күндүн тарыхы эртең архивдик документке айланат. Ал эми ошол документтер келечек муундар үчүн өткөндү таанып-билүүгө, туура жыйынтык чыгарууга жана тарыхый сабактарды түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деди Кожобеков.

Иш-чарага архив тармагынын ардактуу кызматкерлери, университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Учурда ОшМУда тарых, архив таануу, коомдук илимдер, маданият, башка багыттар боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүп келет. Архивдик документтер студенттердин жана окумуштуулардын изилдөөлөрүндө маанилүү булак катары пайдаланылууда.