Полот хандын элдик кыймылынын тарыхы ОшМУда талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Полот хандын элдик кыймылынын тарыхы ОшМУда талкууланды

Image

23-октябрда Ош мамлекеттик университетинде Полот хандын жетекчилигиндеги Фергана өрөөнүндөгү элдик кыймыл (1873–1876-жылдар) талкууланды. 

Кыймылдын аякташына 150 жыл толушуна арналган эл аралык илимий конференцияда окумуштуулар көтөрүлүштүн тарыхый мааниси, Кокон хандыгындагы саясий кризис жана тарыхты изилдөөнүн заманбап ыкмалары тууралуу сүйлөштү.

Конференцияга Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын окумуштуулары, тарыхчылары, илимий мекемелеринин өкүлдөрү, Полот хандын урпактары, окутуучулар, студенттер катышты. Иш-чараны ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Дилмурат Турсунов ачып, анын илимий мааниси тууралуу айтты. 

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору Жээнбек Алымбаев 1873–1876-жылдардагы элдик-боштондук көтөрүлүштү изилдөөнүн теориялык жана методологиялык маселелерин баяндады. Ал эми Алматыдагы «Интеллект Орда» институтунун директору, профессор, академик Саттар Мажитов Полот хандын ишмердүүлүгү жана Кокон хандыгындагы саясий кризис жөнүндө сүйлөдү.

Тажикстандагы Худжанд мамлекеттик университетинин профессору Бустон Турсунов Кокон хандыгынын тушундагы Жети-Суу менен Чүй өрөөнүндө шаарлардын курулушуна токтолду. Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Шерали Кулдашев Мулла Шамсиддин Шавкийдин Кокон хандыгынын тарыхнаамасындагы ордун айтып берди. ОшМУнун доценти, тарых илимдеринин кандидаты Сыдык Смадияров кыргыз тарыхнаамасында тарыхый инсандарды изилдөөнүн айрым маселелерине жана илимий ыкмаларына токтолду.

Күндүн экинчи бөлүгүндө секциялык жыйындар болуп, тарыхый окуяларды изилдөөнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Аягында резолюция кабыл алынып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Конференцияны Ош мамлекеттик университети менен Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы биргелешип уюштурду.

 

Фото галерея