ОшМУнун студенти грэпплингден алтын медаль алды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти грэпплингден алтын медаль алды

Image

Эл аралык билим берүү программалары коллежинин 1-курсунун студенти Элнур Касымбеков Ош шаарында өткөн «Алымбек датка» атындагы эл аралык грэпплинг турниринде биринчи орунду багындырды.

Спортчу 57 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, атаандаштарын жеңип, алтын медалга ээ болду.

Турнир 14–15-октябрда өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген спортчулар катышты. Алгачкы күнү 270 спортчу катталган. Кошумча таразадан өткөндөн кийин катышуучулардын саны 350гө жеткен.

Мелдеш балбандардын чеберчилигин сынап, спорттук атаандаштыкты жана достукту чыңдоого багытталды.

Фото галерея