ОшМУ Испаниянын жана испан тилдүү өлкөлөрдүн университеттери менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Испаниянын жана испан тилдүү өлкөлөрдүн университеттери менен кызматташат

Image

Ош мамлекеттик университети Испаниянын жана испан, португал тилдүү өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен кызматташууну пландап жатат. Бул тууралуу 18-ноябрда окуу жайга келген Ибероамерикалык университеттер фондунун президенти Сантос Грасия Вильяр менен болгон жолугушууда белгилүү болду.

Жолугушууга Ибероамерикалык университеттер фондунун (FUNIBER) өкүлдөрү, Германиянын Бремен университетинин профессору Элира Турдубаева, Миссури университеттеринин профессору Фритц Кропп жана Замирбек Божонов баштаган Ош мамлекеттик университетинин проректорлору катышты.

Замирбек Божонов университеттин түзүмү, эл аралык байланыштары жана жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. 

«Учурда ОшМУда учурда испан борбору иштеп жатат. Мында студенттер испан маданияты, тили боюнча маалымат алышууда. Мындан тышкары окуу жай Испаниянын Кадис университети менен академиялык мобилдүүлүк программасын, илимий, билим берүү байланыштарды жүргүзүүдө. Буга байланыштуу ОшМУ Испаниянын башка ЖОЖдору менен да ар тараптуу кызматташууга ачык», –деди ал. 

Фонддун президенти Сантос Грасия испан тилин жайылтуу максатында Борбор Азияда онлайн университет ачуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле мындай окуу жайды ОшМУнун базасында ачууга кызыкдар экенин билдирди. Тараптар Испан-Кыргыз университетин түзүү, кош дипломдуу билим берүү программаларын ишке киргизүү маселелерин талкуулашты. Анын алкагында студенттер эки жыл ОшМУда, дагы эки жыл Испанияда окуп, эки университеттин дипломун ала турган 2+2 форматындагы программа сунушталды. Мындан тышкары академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, студенттер менен окутуучулардын алмашуу программаларын уюштуруу боюнча да пикир алышты.

Сапардын алкагында делегация ОшМУнун ишмердүүлүгү жана окуу жайдын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кызматташуунун ар кандай багыттарын камтыган бир нече документке кол коюуну пландап жатышат.

Фото галерея