Имамдардын квалификациясын жогорулатуу курсу башталды

Башкы Жаңылыктар

Имамдардын квалификациясын жогорулатуу курсу башталды

Image

16-ноябрда ОшМУнун теология факультетинде Ош шаарынын жана Ош облусунун мечит имамдары үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу башталды. Сабактар 28-ноябрга чейин уланат.

Курстун ачылышына Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ош шаарындагы өкүлү Убайдулло Сарыбаев, Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Абдумалик Турсунбеков, факультеттин деканы Ниязали Арипов катышты. Алар катышуучуларга ийгилик каалап, коомдук ынтымакты жана биримдикти бекемдөөдө, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүндө дин кызматкерлеринин ролу чоң экенин белгилешти.

Окуу курсу президенттин «Кыргыз жараны», «Улуттук нарк» жарлыктарын жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолун ОшМУнун окуу түзүмдөрүндө ишке ашыруу боюнча тапшырмалардын алкагында уюштурулууда. Максаты дин кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү, коомдогу диндин ордун туура түшүнүүгө жана азыркы диний процесстерге илимий негизде баа берүүгө үйрөтүү болууда. Ошондой эле радикалдык жана экстремисттик көз караштардын алдын алуу, мамлекеттин дин саясатын коомчулукка туура түшүндүрүү боюнча билим, көндүмдөрдү калыптандыруу каралган.

Окуу курсу президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана ОшМУнун кызматташтыгынын негизинде өткөрүлүүдө. 

Фото галерея