ОшМУда "тез жардам" кызматы үзгүлтүксүз иштеп баштады

Главная Новости

ОшМУда "тез жардам" кызматы үзгүлтүксүз иштеп баштады

Ош шаарынын тургундарынын "тез жардам" кызматына болгон муктаждыктарын чечүү жана шаардагы тез жардам кызматтына көмөктөшүү  максатында ОшМУнун медициналык клиникасына "тез жардам" унаасы сатылып алынды.
"Тез жардам" унаасы заманбап акыркы үлгүдөгү медициналык шаймандар, каражаттар менен жабдылган. Медициналык клиника "тез жардам" унаасын сатып алуу менен толук кандуу көп тармактуу медициналык  кызматты жолго койду.
Учурда "тез жардам" кызматты азырынча эрте мененки 8ден кечки 16гө чейин иштеп жатат. Февраль айынан тартып үзгүлтүксүз күнү-түнү иштөөгө өтөт.
Медициналык клиниканын "тез жардам" кызматынын байланыш номери: 0770143143, 0990143143
ОшМУнун медициналык клиникасы ошол кездеги ректор Каныбек Исаковдун  демилгеси менен курулуп 2014-жылдын 24-ноябрында ачылган.