Институт педагогики, искусства и журналистики

Университет Структуры Институты Институт педагогики, искусства и журналистики

Институт педагогики, искусства и журналистики

Адрес г.Ош А. проспект Масалиева, 93а
Телефон 0999 772 507 0770 172 295
Факс
Веб-сайт https://pedfak.oshsu.kg
E-mail insitytpediskjyr@gmail.com

Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин №9 чечими менен Ош мамлекеттик университетинин факультеттердин, билим берүү институттардын, жогорку мектептин базаларында оптимизациялоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында уюштурулган.

Окуу- усулдук, тарбиялык иштер, материалдык - техникалык база:

Институтта күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүндө азыркы күндө жалпысынан 4500 студент билим алууда. Факультетин жамааты көп улуттуу, окутуу кыргыз, орус тилдеринде жүргүзүлөт. Окуу имараттары, жатаканасы шаардын борборунда жайгашып,транспорттун бардык түрлөрүнөн маданий мекемелерден, соода-байланыш түйүндөрүнөн пайдаланууга өтө ынгайлуу.

Факультетте оптималдуу шарттар түзүлгөн,  окуу сабактары боюнча лекциялык жана практикалык иштердин каражаттары жеткиликтүү болуп турат негизги билим берүү программассы боюнча окуу  өткөрүлөт, жеке сабактар ​​үчүн кабинеттер зарыл болгон музыкалык аспаптар, техникалар менен жабдылган.

Лекциялык жана практикалык сабактар атайын кааналарда өтүлөт; Билим берүү программасына  тиешелүү болгон заманбап жабдуулар менен жабдылган.                

Окуу процесси бакалавриат системасындагы мамлекеттик стандартка ылайык уюштурулган.        Окуу процессинин жүрүшү: 1-.Лекциялык, 2-.Практикалык, 3- Лабораториялык  жана жекече сабактар түрүндө өтүлөт.

Институттун багыты -  учурдун талабына жооп берген адистерди – башталгыч класс мугалимдерин, тарбиячы-методисттерин, мыкты журналистерди жана таланты бар өнөр ээлерин даярдоо. Алыскы жана жакынкы жерлерде жетишсиз болуп жаткан адистиктерди адистер менен камсыз кылып туруу,  көркөм өнөр, музыка, эстрада, дизайн багытында, азыркы базар экономикасынын талаптарына ылайык, жаңы технологияларды колдоно билген, ар тараптуу, атаандаштыкка туруштук бере алган, жогорку билимдүү адистерди даярдоо. 

Профессордук-окутуучулук курамдын квалификацияларын жогорулатуулары

Педагогика, искусство жана журналистика институтунун профессордук-окутуучулук курамы Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайджан, Түркия Россия, Кытай, Корея, Япония, Индия, Пакистан, Малайзия, Сингапур, Америка, Улуу Британия,  Германия, Италия, Испания, Венгрия,  ж.б. чет өлкөлөрдө болушуп, квалификацияларын жогорулатып келишет.

Академиялык мобилдүүлүк

Педагогика, искусство жана журналистика институтунда студенттер менен магистранттар академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркия, ж.б. мамлекеттерден окуп келишүүдө.

Педагогика, искусство жана журналистика институтунун директору: Божонов Замир Сабиржанович 

Илимий даражасы : педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

Байланыш номери:   +996 773 936 222

 

 

 

Фотогалерея