Этикалык комиссия

Университет Этикалык комиссия

Этикалык комиссия

Кыргызстанда 2017-жыл "Ыйман, адеп жана маданият жылы" деп жарыяланып, билим берүү мекемелеринин алдына коом үчүн адептүү, ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу мамиле кылган жаштарды тарбиялоо жана кыргыз элинин мезгил сыноосуна өткөн руханий жана адеп-ыймандык асыл нарктары менен алдыңкы дүйнө таанымын айкалыштырган, ар тараптан инсанды калыптандыруу маселелери коюлган.

Бул милдеттерди ишке ашыруу максатында Ош мамлекеттик университетинде окутуучулардын, кызматкерлердин жана студенттердин этикалык кодекси иштелип чыгып, Окумуштуулар Кеңешинде бекитилип, Этикалык комиссия түзүлгөн.

Максаты: Университетте академиялык ак ниеттүүлүктү, кесиптик жана корпоративдик этиканы сактоо, билим берүү процессинде ачык-айкындыкты камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу.

Негизги милдеттери:

  • Академиялык адеп-ахлак нормаларын жайылтуу;
  • Этика кодексинин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө;
  • Студенттердин, магистранттардын, докторанттардын жана кызматкерлердин этикалык жүрүм-турумун баалоо;
  • Арыз-даттанууларды кароо жана адилет чечим кабыл алуу;
  • Конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
  • Плагиат жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу.

Ишмердүүлүктүн принциптери:

  • Калыстык жана адилеттүүлүк
  • Купуялуулук
  • Мыйзамдуулук
  • Объективдүүлүк
  • Ачык-айкындык

Иш-чаралар:

  • Этика кодексин талдоо жана жаңылоо боюнча сунуштарды даярдоо
  • “Академиялык ак ниеттүүлүк жөнүндө” жобону иштеп чыгуу/тактоо
  • Арыздарды кароо тартибин регламенттөө

ОшМУнун окутуучуларынын, кызматкерлеринин жана студенттеринин этикалык кодекси