Профессиональный лицей №12

Университет Структуры Лицеи и гимназии Профессиональный лицей №12

Профессиональный лицей №12

Бүгүнкү күндө №12 кесиптик лицейи 620 окуучусу, чоң инженердик- техникалык тейлөө кызматкерлерден турган, тажрыйбалуу педагогикалык жамааты бар, материалдык-техникалык базага ээ болгон өзүнүн алдына белгилүү зор максатты койгон, өз келечегин көрө билген жана өз ордун аныктай алган окуу жайы болуп эсептелет. 
№12 кесиптик лицейи өзүнүн 66 жылдык бай тажрыйбасында өзүнүн зор тарыхын, баалуулугун, традициясын жана ички корпоративдүү маданиятын түзө алды. Лицейди көптөгөн сыйлыктардын , мыкты жетекчи номинацияларынын бир нече жолку ээси, педагогика илимдеринин кандидаты Калмаматов Б.А. башкарат. 
№12 кесиптик лицейинде:
Баштапкы кесиптик билим берүүнүн мыктылары - 14
Билим берүүнүн мыктылары - 5
"Новатордук идеялар үчүн" медалынын ээси - 1
Мамлекеттик сыйлыктын ээси - 1
"Жылдын мыкты мугалими" номинациясынын ээси - 5
Педагогика илимдеринин кандидаты - 1
2022-жылдын 12-апрелиндеги  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №636/1буйругунун негизинде "Ош мамлекеттик университетинин №12 Keсиптик лицей" мекемеси болуп кайра каттоодон өттү. 
№12 Кесиптик лицейи жогорку квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдап чыгарууда. Бардык окуучулар акысыз тамак-аш, жатакана менен камсыз болгон.  Ошондой эле, жакшы окуган окуучулар стипендия алышат. 9-класстын базасында тапшырган окуучуларга окууну бүткөндөн кийин орто билим жөнүндө аттестат жана адистиги боюнча диплом берилет. 
Лицейде 3 жылдык мөөнөт менен 4 кесипке даярдайт.
•    Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору 
•    Жыгач уста, жыгачылык жана паркетчи
•    Электр жана газ менен ширетүүчү
•    Ашпозчу, кондитер, наавайчы 
10 айлык мөөнөт менен 5 кесипке окутуп жатат 
•    Чачтарач-визажист 
•    Тигүүчү-бычмачы 
•    Ашпозчу, кондитер 
•    Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электро монтер
•    Санитардык-техникалык, желдетүү системаларын жана жабдыктарын монтаждоочу; электр жана газ менен ширетүүчү

Фото галерея