Синьцзян педагогикалык институту менен кызматташуу келишимине жетишилди

Главная Новости

Синьцзян педагогикалык институту менен кызматташуу келишимине жетишилди

Image

Ректор К.Кожобековдун Кытайдагы  иш сапарынын алкагында  Урумчу шаарындагы Синьцзян педагогикалык институту менен кызматташуу келишимине кол койду.

Келишимде биргелешкен билим берүү, илим жаатында кызматташуу, студент, магистрант, аспирант, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Эки тарап тең жолугушууда кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Ушул күндөрү ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегация жумушчу иш сапарынын алкагында Кытайда жүрөт. Буга чейин Кытайдын дагы бир университети Сыюань менен эки тараптууу кызматташуу келишимине кол коюлган.

Фото галерея