Газете "Дидактика" - 5 лет

Главная Новости

Газете "Дидактика" - 5 лет

Image

Газете "Дидактика" Ошского государственного университета исполняется 5 лет. О деятельности издания, планах и перспективах дальнейшего развития рассказал редактор газеты , известный журналист Тургунбай Алдакулов. Интервью состоялось на кыргызском языке.

Тургунбай агай, “Дидактика” гезитинде эки жылдан бери редактордук кызматты аркалап келе жатасыз? Бул гезитке чейин башка басылмаларда журналист, жетекчи болуп иштегенсиз. “Дидактика” гезитинин башка гезиттерден эң негизги айырмасы эмнеде?

“Дидактика” гезити башка басылмалар сыяктуу өз окурмандары бар мезгилдүү басма сөз каражаты болуп саналат. Башка коомдук-саясий гезиттерден айырмабыз – биздин окурман чөйрөбүздө десем жаңылышпаймын. Тагыраак айтканда, гезитибиз Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын илимий-педагогикалык жана маалыматтык гезити болуп саналат.

Гезиттин негизги максаты кандай?

Гезиттин негизги максаты - ОшМУнун окумуштуулар жамаатына билим берүү тармагындагы жаңы реформаларды, системалык өзгөрүүлөрдү жана илимий-педагогикалык жетишкендиктерди жайылтуу болуп саналат.

Гезиттен кандай материалдар жарык көрөт?

“Дидактика” гезитинде ОшМУнун окумуштууларынын илимий-педагогикалык, дидактикалык макалалары, көз караштары, ОшМУнун сайтында жарык көргөн жаңылыктардын орчундуулары, билим берүү, илим жаатындагы жаңы реформаларга арналган аналитикалык макалалар, маек, фото-репортаж, баяндама, жана башка жанрдагы материалдар жарык көрүп турат.

Гезиттин электрондук варианты дагы барбы? Мисалы, чет өлкөдө “Дидактика” гезитин окугусу келген киши кайдан таап окуй алат?

Чет өлкөдөгү окурмандар, башка окуу жайлардын, башка облустардын окурмандары биздин гезитти окуп турсун деп гезиттин электрондук вариантын ОшМУнун расмий сайтына (www.oshsu.kg) жайгаштырганбыз. Андан сырткары фейсбук жана инстаграмм социалдык баракчаларында да биздин профилдерибиз бар.

Гезит кайсы мезгилден бери чыгып келе жатат?

“Дидактика” гезити 2018-жылдын 1-сентябрынан бери чыгып келе жатат. Ошол кездеги ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божоновдун демилгеси менен, ошол кездеги ректор, биздин устатыбыз Каныбек Исаковдун колдоосу астында түптөлгөн экен. Алгачкы редактор кызматын аркалаган Каныкей Жороева деген мыкты кесиптеш карындашымдын талыкпаган эмгеги астында гезиттин алгачкы пайдубалы түптөлгөн. Ортодо 2020-2021-жылдары пандемия шартына байланыштуу чыкпай калыптыр. 2022-жылдан бери үзгүлтүксүз чыгарып келе жатабыз. Учурда октябрь айын кошуп эсептегенде жалпы 25-саныбыз жарык көрдү. Көлөмү 8 полоса (бет), айына бир жолу чыгат.

Гезиттин ички мазмуну, көтөргөн жүгү тууралуу эмнелерди айта аласыз?

“Дидактика” гезити ОшМУнун багытын, перспективалык максаттарын эмгек жамаатка жеткирүүдө чоң кызмат кылып келе жатат. Айрыкча университетибиз “Өзгөчө макамга” ээ болгондон бери өкмөт тарабынан жаңы милдеттер коюлуп, ректорубуз Кудайберди Гапаралиевичтин демилгеси менен мыкты идеялар ишке аша баштады. Мындай жаңылануу процесси кимдир бирөөгө жакканы менен айрымдарга жакпай калышы да мүмкүн экен. Андай учурда көтөрүлгөн реформанын максаты, финалдык жыйынтыгы тууралуу гезит бетине аналитикалык макалаларды берип турабыз.

Илимий, дидиатикалык макалаларга да орун берилсе керек?

Албетте, андай макалаларга орун берилет. Ансыз гезиттин миссиясы ишке ашпай калат. Айрыкча, 6-7-беттерде ОшМУнун окумуштуулары тарабынан жазылган илимий-педагогикалык макалалар, 8-бетте дидактикалык макалалар жана сабак өтүү учурунда пайдаланылуучу таасирдүү окуялар, мугалимдерге кеңештер жарык көрөт.

Гезиттин таралуу аймагы, окурмандарга жеткиликтүүлүгү боюнча айта кетсеңиз?

Гезитибиз ОшМУнун окутуучуларына жана кызматкерлерине акысыз таратылат. Учурдан пайдаланып ОшМУнун кызматкерлерине кайрылып кетейин, ким эгерде гезит окууну кааласа факультеттин деканатына кайрылса болот. Ал жерде түгөнүп калган болсо ар бир китепканага кайрылсын. Ал жерден да таба алышпаса бизге сөзсүз кабар берсе жакшы болмок. Анткени биз ар бир окурманыбыздын талабын аткарууга даярбыз.

Агай, сөзүбүздүн аягында алдыдагы максаттар тууралуу айтып берсеңиз, алдыда кандай пландар бар?

Буюрса гезитибизде жарык көргөн дидактикалык макалаларды чогултуп, атайын китеп кылып чыгаруу максатыбыз бар. Айрыкча мектеп мугалимдери үчүн педагогикалык чеберчилигин арттырууга багытталган китептер жетишсиз экен. Биз бул багытта мугалимдердин көйгөйүн чечүүгө жардам берели деген ниеттебиз. 

Абдан жакшы максаттар бар экен. Ийгиликтер коштосун.

 

Маектешкен: Муслима Довурова,

ОшМУнун студенти

Фото галерея