Медициналык колледжде иш берүүчүлөр, ата-энелер менен жыйын өттү

Главная Новости

Медициналык колледжде иш берүүчүлөр, ата-энелер менен жыйын өттү

Image

ОшМУнун медициналык колледжи  “Иш берүүчүлөр аркылуу практикада кесиптик компетенциялардын калыптануусу” деген темада тегерек стол уюштурду. Иш-чарага университеттин практика жана карьера борборунун жетекчиси Талантбек Матикеев, иш берүүчүлөр болуп саналган Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан, Ош шаардык клиникалык ооруканасынан тиешелүү өкүлдөр, даркыналардын жетекчилери,  30 дан ашуун бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери,  бүтүрүүчүлөрү, окутуучулар   катышты.

Жыйындын жүрүшүндө иш берүүчүлөр  жана бүтүрүүчүлөр тарабынан иш пландары талкууланып,  тиешелүү тараптарга сунуштар айтылды. Мыкты өнөктөштөргө, активдүү ата-энелерге, окуунун мыктыларына окуу жайдын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Соңунда жыйындын катышуучулары колледждин билим берүүгө түзүлгөн шарттары,  материалдык-техникалык базалары, лабораториялары менен таанышып чыгышты.

2023-2024-окуу жылында Медициналык колледжин 800гө жакын бүтүрүүчү аяктайт. Колледж дарылоо иши, акушердик иши, лаборатордук дартты аныктоо, ортопедиялык стоматология, фармация, сестралык иши, профилактикалык стоматология боюнча адистерди даярдайт.  

Фотогалерея