ОшМУда биоэтика күнү белгиленди

Главная Новости

ОшМУда биоэтика күнү белгиленди

Image

2024-жылдын 19-октябрында Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин жана Эл аралык медицина факультетинин коомдук саламаттыкты сактоо багытындагы түзүмдөрү  IX Дуйнолук биоэтика күнүнө арналган "Дискриминациясыз жана стигматизациясыз" аталыштагы Эл аралык симпозиум өткөрүштү.  Симпозиумга коомдук саламаттыкты сактоо маселелери боюнча кызматташкан Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан,  Финляндия, Өзбекстандан  коноктор катышты.

Иш-чаранын алкагында "Дискриминациясыз жана стигматизациясыз" деген темада студенттик сынактын жыйынтыгы чыгарылды жана көргөзмө уюштурулду. Ошондой эле, Андижан мамлекеттик медицина факультетинин "Социалдык гигиена жана саламаттыкты сактоону башкаруу" кафедрасынын окутуучулары Мадаханов А.С., улук окутуучу Сапиохунова Х.М., улук окутуучу Хасанова Ш.А.  медицина факультетинин МПД, Дарылоо иши адистиктеринде окуган студенттерге конок лекцияларды окушту.

Фотогалерея