ОшМУнун окутуучулары Евразия улуттук университетинде

Главная Новости

ОшМУнун окутуучулары Евразия улуттук университетинде

Image

ОшМУнун табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун химия жана химиялык технология кафедрасынын профессору, техника илимдеринин доктору М.Д. Абдуллаева, агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын доценти, айыл чарба илимдеринин кандидаты В.Б. Эрматова  Л.М. Гумилев атындагы ЕУУнун жана Борбордук Азия мамлекеттерине энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү боюнча Эл аралык кеңештин чакыруусу менен эл аралык инвестициялык форумга катышып келишти.

Л.М.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети, Борбордук Азия мамлекеттерине энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү боюнча Эл аралык кеңеш менен биргеликте 2024-жылдын 21-25-октябрында  Эл аралык инвестициялык форум өткөрдү. Форумда ОшМУнун профессору М.Д. Абдуллаева илимий баяндама жасады жана жашыл энергетика тармагында ишке ашырылуучу долбоор сунуштады. Доцент В.Б. Эрматова ОшМУнун ишке ашырылып жаткан долбоорунун алкагында баяндама жасады.

Профессор М.Д. Абдуллаева жана доцент В.Б. Эрматова Л.Н. Гумилев атындагы ЕУУнун профессордук окуутучулук курамы, PhD докторанттары, студенттери  менен жолугушуп, илимий лабораторияларда, кафедраларда болушту. Конокторду табигый илимдер  факультетинин деканы РhD, доцент Ж.Г.Берденов, Транспорт жана энергетика факультетинин деканы РhD, доцент Кокаев У.Ш. кабыл алышты. Тараптар окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгү жаатындагы байланыштарды мындан ары чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Фотогалерея