ОшМУ: окутуучулар ветеринарияда жаңы тажрыйбаларды колдонууну өздөштүрүүдө

Главная Новости

ОшМУ: окутуучулар ветеринарияда жаңы тажрыйбаларды колдонууну өздөштүрүүдө

Image

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда мал чарбасынын асыл-тукум иштеринде жаңы технологияларды колдонуу боюнча семинар болду. Окутууда ооруулардын алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоонун алдыңкы тажрыйбалары айтылды. 

Семинар 27-28 октябрь күндөрү болду. Лекцияларды белгилүү ветеринардык дарыгер, “Малдардын асыл-тукум иштери” боюнча ассоциациясынын директору Калмурат Жапаркулов жана “Агахан” фондунун кеңешчиси, ветеринария илимдеринин кандидаты Жолдошбек Дадыбаев өттү.

Окутуунун алкагында “Молекулярдык биотехнология” илимий борборундагы, Ветеринардык клиникадагы заманбап жабдууларды колдонууну өздөштүрүү боюнча кеңештер берилди. Анан да СКОПУС базасындагы журналдарга макала даярдоо жолдору талкууланды. 

Аталган тренинг Ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу максатында уюштурулду.

Фотогалерея