Швециялык урогинеколог Ошко келип тажрыйбасы менен бөлүштү

Главная Новости

Швециялык урогинеколог Ошко келип тажрыйбасы менен бөлүштү

Image

ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин клиникалык дисциплиналар 2 кафедрасынын доценттери Гулжамал Субанова, Назгүл Каримова, Медицина факультетинин акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысы Зейнеп Исраилова Ош шаарына Швейцариядан келген урогинеколог, профессор Рене Роттенбергдин окутуусуна катышты.

Роттенберг иш сапарынын алкагында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген аялдарды заара кармай албай калуу дарты боюнча кароодон өткөрдү. Ошондой эле түштүк регионундагы урогинекология тармагында иш алып барган гинекологдор менен жолукту.

Иш-чара урогинекология боюнча Кыргызстандын улуттук коомун түзүү долбоорунун алкагында демилгеленди. Иш чараны доцент Гулжамал Субанованын уюштурган. 

“Урогинекология — бул негизинен аялдардын заара кармай албай калуу менен байланышкан гинекологиялык дарт. Бул абал өмүргө коркунуч туудурбаса да, аялдардын  сапаттуу жашоо шарттарын төмөндөтөт. Кыргызстанда бул көйгөй дээрлик 3,5 миллион аялды камтыйт. Изилдөөлөр алардын 30%ы 65 жаштан улуу болгондо, бул сан 600 миң аялды түзөрүн көрсөткөн. Бул багытта окуу программаларына киргизүү иштери да каралууда”, -дейт Гулжамал Субанова.



 

Фотогалерея