Бүгүн, 29-ноябрда ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинде “Дисциплиналар аралык горизонттор: медицина, тил жана гуманитардык билимдер” аталышында конференция өттү.
Ага Илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор Руслан Арапбаев, окуу жайда билим алган чет өлкөлүк студенттер, Өзбекстан, Индиядан келген окумуштуу, жаш изилдөөчүлөр жана окутуучулар катышты. Мында алар медицина, тил жана гуманитардык билим багытында актуалдуу маселелер боюнча тажрыйба алмашып, сунуштар айтылды.
Конференциянын пленардык бөлүгү гибриддик формада болду. Анда мастер-класс, тегерек стол, секциялык отурумдар орун алды.
Иш чара социалдык – гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын жетекчилиги менен уюштурулду. Ошондой эле Илим күнүнө жана ОшМУнун 85 жылдыгына арналды.