Стол теннис: ОшМУ жогорку лигада экинчи орунду ээледи
2026-03-27
/
157
/
04:03:05
Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстандын универсиадасынын алкагында кыз-келиндер арасында стол теннис боюнча жогорку лигадагы мелдеш жыйынтыкталды. Анда Ош мамлекеттик университетинин командасы экинчи орунду камсыздады.
Команданы машыктыруучу Тажыбек Тыныбеков жетектеди. Курамда Перизат Сабырбекова, Бактынай Авазбекова жана Уулкыз Алмасбек кызы оюн көрсөтүштү.
Командалык жыйынтыкта биринчи орунду Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, экинчини Ош мамлекеттик университети, үчүнчү орунду Кыргыз-Россия Славян университети алды.
Ал эми жеке биринчиликте да ОшМУнун өкүлү Перизат Сабырбекова 2-орунду ээледи.
Универсиада 11-марттан 27-апрелге чейин эки лига боюнча өтүп, спорттун 15 түрүн камтыйт.
Фотогалерея