ОшМУда жашыл жана санарип университет боюнча эл аралык иш-чара өттү

Главная Новости

ОшМУда жашыл жана санарип университет боюнча эл аралык иш-чара өттү

Image

25-майда Ош мамлекеттик университетинде Erasmus+ программасынын “Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жашыл жана санарип университет” (GREENKG) эл аралык долбоорунун алкагында “Жашыл жана санарип университетинин кербени” аттуу иш-чара уюштурулду.

Аны долбоордун окуу жайдагы координатору Абдыганы Абдувалиев ачып берди. Ал эми ректор Кудайберди Кожобеков жашыл жана санариптик демилгелерди өнүктүрүү жогорку билим берүү системасы үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле GREENKG долбоорунун алкагындагы эл аралык кызматташтыктын орду өзгөчө маанилүү экенине токтолду. 

Erasmus+ улуттук кеңсесинин координатору Гүлнара Исаева университеттердин туруктуу өнүгүү, билим берүүнү санариптештирүүдөгү ролуна токтолду. Ал эми GREENKG долбоорунун координатору, Тышкы иштер министрлигинин К. Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясынын ректору Руслан Рахимов өнөктөш окуу жайлардын биргелешкен аракеттеринин маанисин белгиледи. 

Иш-чарага бир катар уюмдардын өкүлдөрү катышып, айрым өнөктөштөр онлайн байланышка чыгышты. Офлайн форматта “Орхус” борборунун директору Каныбек Исабаев, Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Оштогу башкармалыгынын улук инспектору Нурсултан Имомали уулу катышты. 

Программанын алкагында ОшМУнун Санариптик инновациялар, Эко-инновациялар борборлору тууралуу видеопрезентациялар көрсөтүлдү. Окутуучулар жана студенттер жашыл экономика, санариптик билим берүү платформалары, экологиялык туруктуулук боюнча баяндамаларды жасашты. Мындан тышкары студенттер туруктуу өнүгүү, көмүртек изи темаларында презентацияларды сунуштап, экологиялык, санариптик демилгелерге активдүү катышып жатканын көрсөтүштү.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар университеттин негизги инфраструктуралык бөлүмдөрү – Санариптик инновациялар борбору, Data Center, Next Generation Hub, Эко-инновациялар борбору менен таанышышты. GREENKG долбоорунун жумушчу тобунун мүчөсү, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлү Бурул Жапакова иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын, көтөрүлгөн темалардын актуалдуулугун белгиледи. 

Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар университеттер менен өнөктөш уюмдардын ортосунда тажрыйба алмашууга шарт түзөт. Ошондой эле билим берүү тармагындагы жашыл трансформация жана санариптик өнүгүү боюнча эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болууда.

Фотогалерея