ОшМУ менен Кытайдын Сиань Цзяотун университети байланыштарын чыңдайт

Главная Новости

ОшМУ менен Кытайдын Сиань Цзяотун университети байланыштарын чыңдайт

Image

9-июнунда Ош мамлекеттик университетине Кытайдагы  Шанхай кызматташтык уюмунун университетинин улуттук координатору болуп саналган Сиань Цзяотун университетинин делегациясы иш сапары менен келди.

Алар ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушту. Анда тараптар ШКУ Университетинин алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кыргызстанда  ШКУга мүчө мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын студенттеринин катышуусунда өтүүчү «ШКУ модели» аттуу эл аралык студенттик конференцияны уюштуруу демилгесине бурулду.

Жолугушуунун катышуучулары аталган демилге жаштар арасындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, академиялык алмашууну кеңейтүүгө жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн студенттеринин өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөөгө өбөлгө боло турган натыйжалуу аянтча экенин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эл аралык академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди мындан ары да биргелешип иштеп чыгууга жана өз ара кызматташууну кеңейтүүгө макулдашышты.

 

Фотогалерея